Террорго каршы күрөш үзгүлтүксүз уланат
Террор уюму кыйналганда алдамчылык жолуна барат.
Вице-премьер Ялчын Акдоган террор уюмунун жарыялай турганы айтылган жалган ок атпоо чакырыгынын алдамчылык болоорун баса белгилеп: «Булар кыйналган учурда жалаң ушул жолго кайрылышат. Учурда булардын эч биринин мааниси жок, чындыкка да жатпайт. Мамлекет жүргүзүп жаткан операцияларын натыйжа алганга чейин улантат»,- деди.
Ялчын Акдоган менчик телеканалдардын бирине берген маегинде, террорго каршы күрөшүүнүн үзгүлтүксүз уланаарын билдирди.
Акдоган буларды айтты: «Жайы-кышы дебестен террор кыймылдары токтомоюнча, колунда куралы бар адамдар бирөөлөргө зулумдук кылуудан баш тартмайынча, укукту тааныбай ал жерде болгондору уланган сайын аларга каршы коопсуздукту сактоочу чара көрүүлөр жана операциялар да уланат. Бул демократияны коргоо үчүн дагы, улутту коргоо үчүн дагы ушундай, эң негизги жашоо укугун коргоо үчүн дагы бул керектүү жана ушундай улантылат».
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.