Эрдоган Синдзо Абэ менен жолугушту

Түркия менен Япониянын мамилеси бекемделүүдө.

351570
 Эрдоган Синдзо Абэ менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Японияга сапарынын экинчи күнүндө премьер-министр Синдзо Абэ менен жолугушту.
Андан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында эки тараптуу карым-катнаштардын стратегиялык жактарын карагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Эл аралык күн тартиптеги негизги темаларды, өзгөчө террор маселесин да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул боюнча урматтуу досум Абэ менен бирдей пикирде экендигибиз аныкталды»,- деди.
Өтмүштөгү долбоорлор, экономикалык жана соода карым-катнаштары түрк-япон алакаларынын эң маанилүү негиздерин түзгөнүн баса белгилеген президент Эрдоган: "Түркия быйыл Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагалык кызматын жүргүзүүдө. Лидерлердин саммити 15-16-ноябрда Антальяда өтөт. Ушул алкакта урматтуу Абэ менен кайра жолугабыз",- деп айтты.
Президент Стамбулда курулуусу пландалган Түрк-Япон илим жана технология университетинин инфраструктура иштери ылдам уланып жатканын да кошумчалады.
«Эрдоганды өлкөбүздө тосуп алганыбыз үчүн кубанычтабыз»- деген Япониянын премьер-министри Абэ болсо, баш калкалоочуларга карата мамилесинен улам Түркияга ыраазычылыгын билдирди.
Премьер-министр Абэ: «Эки өлкөнүн ортосунда технологиялык кызматташтык келишимин түзүүнү чечтик. Түркия менен Япония биргелеше тартып жаткан, Эртугрул апаатын түшүндүргөн кинотасма аркылуу маданий байланыштарыбыз дагы да күчтөнөт»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар