Туристтер Мармаристе эс алышууда

Абанын жылуулугу 29, деңиз суусу 25 градус болуп өлчөлгөн райондо эс алуусун күз айына калтырган чет элдик туристтер пляждарды толтурушту

386779
Туристтер Мармаристе эс алышууда

Жай мезгилинин акырына келгенине карабастан Мугланын Мармарис районундагы пляждарда чет элдик туристтер эс алышууда.
Курман айт майрамында берилген эс алуу жана мектептердин ачылуусу менен бирге жергиликтүү туристтер келбей калган түштүк Эгейдин көзгө көрүнүктүү жери Мармарис пляжы чет элдик туристтерге калды.
Абанын жылуулугу 29, деңиз суусу 25 градус болуп өлчөлгөн райондо эс алуусун күз айына калтырган чет элдик туристтер пляждарды толтурушту.
Абанын ачык болушу менен кээ бир туристтер көгүлтүр байрактуу пляждарда күндүн жана деңиздин ырахатын чыгарса, кээ бир туристтер да суу спорттору менен машыгууну тандашууда.
Мармарис метеорологиялык директорлугунун жетекчилери нымдуулук менен бирге абанын ысыктыгынын жогору экенин, октябрь айынын биринчи жумасына чейин ысык абанын улантыларын белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар