Террористтерге каршы күрөшүүдө чечкиндүүбүз

Эрдоган айыл өкмөт башчылары менен жолугушту.

347953
Террористтерге каршы күрөшүүдө чечкиндүүбүз

Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк улутунун ага курал такагандарды өкүндүрө тургандай күч-кудуретке ээ экендигинин билинүүсү керектигин айтты.
Президенттик сарайда ар башка шаарлардан келген айыл өкмөт башчылары менен жолугушкан президент Эрдоган, бөлүүчү террор уюму ПККлык террористтердин кол салууларын Курман Айт майрамында да уланткандарын эске салды.
Майрамдагы кол салуулардан коопсуздук сактоочу кызматкерлер шейит болгонун, арасында күнөөсүз балдар да болгон жергиликтүү тургундардын көз жумганын түшүндүргөн Эрдоган: «Көрдүңүз го, террористтердин ракетасы бутага алган үйдө 9 жашындагы бала шейит болду. Муну кылгандарды жоопко тартышыбыз керек»,-деди.
«Эч нерсени ыйык тутпаган, мусулмандардын ишеничтерине урмат сый көрсөтпөгөн террористтер менен күрөшүүдө чечкиндүүбүз»,- деген президент: «Албетте шейиттерибиздин жана жарандарыбыздын кайгылары жүрөгүбүздү сыздатып жатат, бирок алардын азиз элестери кеңири күрөшүү үчүн күч берүүдө»,-деп кошумчалады.
Президент Эрдоган террордук уюмга каршы күрөшүүнүн өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө тынымсыз улана турганын баса белгилеп, түрк улуту да тикесинен тик туруп бул күрөшүүгө колдоо көрсөтүп жатканын баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар