Эрдоган Хасан Шейх Махмуд менен Жоко Видодону куттуктады
Сүйлөшүүлөрдө Курман айт майрамынын ислам ааламы үчүн жакшылыктарды алып келүүсүн каалашты
Президент Р. Т. Эрдоган Курман айт майрамын Стамбулда өткөрүүдө. Эрдоган Сомалинин мамлекет башчысы Хасан Шейх Махмуд, Индонезиянын мамлекет башчысы Жоко Видодо жана Пакистандын мамлекет башчысы Мемнун Хүсейинге телефон чалып майрам менен куттуктады.
Алжирдин премьер – министри Абдулмалек Селлал менен Пакистандын премьер – министри Наваз Шериф жана Малайзиянын премьер – министри Нежип Тун Разак да президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктаган лидерлеридин арасында. Сүйлөшүүлөрдө Курман айт майрамынын ислам ааламы үчүн жакшылыктарды алып келүүсүн каалашты.
Президент Эрдоган майрамдын биринчи күнү Катар, Сауд Арабстан, Нигерия, Тунис, Азербайжан жана Ирактын лидерлерин куттуктаган.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.