Мамлекеттин жогорку мартабалуу кызматкерлеринен  куттуктоо

Лидерлер куттуктоолорунда биримдикке чакырышты

353501
Мамлекеттин жогорку мартабалуу кызматкерлеринен  куттуктоо

Президент Р. Т. Эрдоган, парламенттин спикери Исмет Йылмаз, премьер – министр Ахмет Давутоглу Курман айт майрамына карата куттуктоо жарыялашты. Лидерлер куттуктоолорунда террорго каршы биримдиктүү болууга чакырышты.
Эрдоган : «Аймагыбыз менен бирге биз да абдан оор сынактан өтүп жатабыз. Коңшуларыбыздагы оор абалды өлкөбүзгө алып келүү, кыйынчылык менен жуурулган боордошторубузду курал катары колдонгон колу кандуу террордук уюм кайрадан сахнага чыгуунун артында»,- деди.
Тарых боюнча биримдик менен кыйынчылыктардан ашылып өтүлгөнүн белгилеген президент : «Бүгүн жана келечекте да ошол эле биримдикти бирдикте көрсөтүбүз»,- деди.
Түркия парламентинин спикери Исмет Йылмаз да курман айт майрамынын тынчтык жана бир туугандык үчүн коомдук тилектештиктин эң чоң күчү экенин эске салды.
Түркиянын абдан чоң сынактан өтүп жатканын баса белгилеген премьер – министр Давутоглу : «Өлкөнү бөлүүнү каалагандарга каршы бирдикте күрөшөлү»,- деди.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар