Ахмет Давутоглу конок тышкы иштер министрлерди кабыл алды

Премьер – министр Давутоглу баш калкалоочулар тууралуу Түркиянын Европа Биримдиги менен байланыштарынын жана кызматташтыгынын да улантылып жатканын айтты.

390231
Ахмет Давутоглу конок тышкы иштер министрлерди кабыл алды

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборнду кабыл алды.
Премьер – министрликтин расмий турак жайында ишке ашкан кабыл алууда биринчи конок Германиянын тышкы иштер министри Фарнк Вальтер Шрайнмайер болду.
Премьер – министрлик булактарынан алынган маалыматка караганда бир саатка жакын созулган жолугушууда премьер – министр Ахмет Давутоглу Германиянын акыркы мезгилдеги сириялык баш калкалоочу кризисине карата оң мамилесин Түркия катары колдогонун белгиледи.
Премьер – министр Давутоглу баш калкалоочулар тууралуу Түркиянын Европа Биримдиги менен байланыштарынын жана кызматташтыгынын да улантылып жатканын айтты.
Штайнмайер да Түркиянын Сирия кризисин башынан бери айтып келгенин, бирок Түркиянын аракеттеринин эми гана түшүнүлгөнүн жана аракеттеринин колдоого алынганын белгиледи. Жолугушууда айрыкча башка аймактык темалар тууралуу пикир алышуулар да болду. Андан кийин премьер – министр Ахмет Давутоглу Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулугун аткарган Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушту. Жолугушууда Давутоглу сириялык баш калкалоочу кризисинин бир гана аймакты эле эмес, Жер Ортолук деңизи менен Европаны да кызыктырганын айтты. Жолугушууда айрыкча Түркиянын Европа Биримдиги процесси да каралып Ассельборндун Люксембургдун Түркиянын Европа Биримдиги сүйлөшүүлөрүн колдогонун аныктаганы боюнча маалыматта берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар