1800 жылдык чыгарма
Писидиа Антиохия байыркы шаарындагы казууларда 1800 жылдык чеканка ачыкка чыгарылды
Ыспартанын Ялвач районунун Писидиа Антиохия байыркы шаарындагы казууларда 1800 жылдык чеканка ачыкка чыгарылды. Казуунун башчысы Сүлейман Демирел университетинин археология бөлүмүнүн башчысы профессор доктор Мехмет Өзханлы үстүндө жүзүм чогулткан кичинекей перилердин сүрөтү тартылган чеканканын шаардагы турмушка байланыштуу маанилүү белгилерди бергенин айтты.
Мехмет Өзханлы бул жылкы казууларда кездешкен буудай, нокот сыяктуу дандардын аймакта ал мезгилде дыйканчылыктын өнүккөнүнүн көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Өзханлы мурунку жылдарда Аядирикус дөңсөөсүндөгү храм жана Тибериус деп да билинген жана 30 метр кеңдиктеги, 150 метр узундукка жеткен шаар аянтынын ачыкка чыгарылганын эске салды.
Тектеш кабарлар
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт
Европанын Авиация коопсуздугу уюму (EUROCONTROL) 13-19-майга карата “Авиациялык отчеттун” жарыялады.