Терроризмге каршы ири жүрүш

14 бейөкмөт уюмдан терроризмге каршы «желегиңди алып кел» чакырыгы...

350920
Терроризмге каршы ири жүрүш


Акыркы күндөрдө күчөгөн террордук кол салууларга каршы борбор шаар Анкарада бүгүн ири жүрүш өтөт.
Жумушчу жана жумуш менен камсыздаган уюмдар, кесиптик уюмдар жана орто эсеп менен 11 миллион кишини өкүлдүк кылган 14 бейөкмөт уюмдун «Террорго каршы, туугандыкка макул» жүрүшү үчүн «Желегиңди алып кел» урааны тандалды.
Өлкөнүн бардык жеринен келе турган катышуучулар Сыххийе аянтында чогулуп, Түркия Республикасы курулган Улустагы биринчи параламент имаратына чейин жөө басышат.
Жүрүштө эч бир саясий партия жана бейөкмөт уюм өз баннерин ача албайт.
Түрк желеги жана ай жылдыздуу баш кийимдер колдонула турган жүрүштө туугандыкка басым жасалат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар