Качырылган 2 түрк жумушчу өлкөгө келди

Ататүрк аэропортуна келген Йылмаз менен Өзпилавжы журналисттердин суроолоруна жооп беришти

389275
Качырылган 2 түрк жумушчу өлкөгө келди

Иракта качырылган 18 түрктөн кечээ эркин койо берилген Неждет Йылмаз менен Эржан Өзпилавжы Басрадан учак менен Түркияга келди.
Түрк аба жолдоруна таандык каттамдар менен Ататүрк аэропортуна келген Йылмаз менен Өзпилавжы журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
Жумушчулардан Йылмаз бул убакыт ичинде жакшы мамиле кылынганын айтып: «Жакшыбыз, башка досторубуздун да эркин койо берилишин каалайбыз»,- деди. Бир журналисттин башка жумушчулардын ден соолугун суроосу менен Йылмаз : «Ден соолуктары абдан жакшы. Жакшы мамиле кылышты. Кутулуулары үчүн дуба кылып жатабыз»,- деди.
Багдаттын Садр аймагында 2 - сентябрда бир түрк курулуш фирмасында иштеген 18 түрк ким экени белгилене албаган формачан бир группа тарабынан качырылган болчу. Жетекчилер качырылгандардын бир сатиондун курулушунда иштеген 14 жумушчу, 3 инженер жана 1 бухгалтер экенин билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар