Бул мамлекетте куткарылган аймак деген нерсе болбойт

Президент Эрдоган ТРТга берген маегинде күн тартипке сереп салды.

350978
Бул мамлекетте куткарылган аймак деген нерсе болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган террорго жана террор окуяларына колдоо көрсөткөн медиа жана капиталдык топтор менен аларга ички жана тышкы колдоону көрсөткөн кишилердин, мунун чыгымын эртедир кечтир төлөй турганын айтты.
Президент куткарылган аймак сыяктуу аракеттерге эч качан мүмкүнчүлүк берилбей турганын баса белгиледи.
Президент Эрдоган ТРТга берген маегинде күн тартипке сереп салды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 7-июнь шайлоолорунун алкагында көрүлгөн баардык коопсуздук чараларына карабастан террор уюмунун коркутуулары менен добуштардын өздөрү колдогон саясий партияга берилишин камсыздагандарын белгилегендерин айтты.
Эрдоган бир суроого жооп иретинде, чечүүчү жол процессинин алкагында өзгөчө Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында кызмат кылган губернаторлордун өздөрүнө берилген буйрук боюнча террор уюмдарына каршы ушул убактагы операцияларга аралашпагандарын айтты.
Президент Эрдоган сөздөрүн: «Балким өздөрүн тартипке салышат, балким ушундай түрдө улантышпайт, бирок тилекке каршы өздөрүн тартипке салышкан жок, теркерисинче бул процесстин ичинде тилекке каршы даярдык баскычына киришти. Ошондуктан мындан мурда болгон 7-июнь шайлоолорунда муну көрдүк, Чыгышта, Түштүк Чыгышта көрдүк»-деп улады.
Террордук топтордун мамлекеттин турак үйлөрүнө оор куралдар менен кол салгандарын, муну да мамлекттин расмий коопсуздук күчүн эч качан көзгө илбегендери үчүн жасагандарын баса белгилеген Эрдоган буларды айтты: «Анткени булардын каалаганы башка, б.а. куткарылган аймактар. Ал эми бул өлкөдө буларга эч качан мындай мүмкүнчүлүктү бербейбиз. Аларга бул жерден да кайрыламын. Аларды колдогон медиа топтору, аларды колдогон капитал топтору, аларга ички жана тышкы колдоону көрсөткөндөр, мунун чыгымын эртедир кечтир төлөшөт. Түркия Республикасы Мамлекети жана бул улут, түрк улуту, бүтүндөй калкы менен бул болуп жаткандарга каршы мамилесин укуктун алкагында жана демократиялык чөйрөдө эң сонун түрдө жооп бере турганына ишенемин».
Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин Месчид-и Аксага карай бузукулуктары темасында болсо, бул абалдын Жакынкы Чыгышка абдан оор зыян тарттыра турганын айтты.
Эрдоган Израилдин Месчид-и Аксага карай мамилеси темасында: «Бул маселе тез арада чечилишин каалайм, андай болбосо бул абал жакшы жосун эмес. Б.а. Израиль бийлиги менин оюмча абдан жаңылыш кадам таштоодо. Ислам дүйнөсүн көкүтүү аркылуу Палестинада, Жакынкы Чыгышта тилекке каршы ок атууну же бул оттун билигин жагуу багытын тандоо менен Жакынкы Чыгышка абдан чоң зыян тийгизет деген ойдомун»-деди.
Сириядагы качкын трагедиясына байланыштуу суроого президент, Түркиянын бул өлкөдөн келгендерге каалгаларын жаппаганын, ушул убакта батыштын кылып жатканын кылбаганына көңүл бурду.
Мамлекет башчылардын, өкмөт башчылардын, тышкы иштер министрлердин Түркиядагы лагерлерди көргөнүндө, «Биз дүйнөдө ушундай сонун лагерь көргөн жокпуз, сиздин адамдарга көз карашыңыз башкача экен. Ошон үчүн сиздерди куттуктайбыз» дегендерин айткан Эрдоган, Сирияда ушул убакка дейре 300 миңден ашуун адам каза болгонун, бул абалга карата ачык каалга саясатын улантууга чечим чыгаргандарын айтты.
Аймакта башка бир коркунучтун да ДЕАШ болгонун белгилеген Эрдоган, Түркиянын ДЕАШка каршы күрөшүсү чечкиндүү түрдө уланганын белгилеп өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар