Террого каршы жаңы операция

Түрк согуштук учактары ПККга таандык 64 бутаны атты

386198
Террого каршы жаңы операция

Түрк согуштук учактары Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПККга таандык 64 бутаны атты. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 60 террорист таасирисз абалга келтирилди. Түнкү саат 23.50дө башталган аба кыймылынын бутасы террордук уюмдун Ирактын түндүгүндө орун алган лагерлер болду.
Ф - 16 жана Ф – 4Елерден турган 21 согуштук учак Кандил, Хакурк, Авашин, Басян, Метина, Гара жана Заптагы 64 бутаны аткылады. 5 саат 4 минутага созулган аба кыймылында 80 заманбап акылдуу ок – дары колдонулду. Буталар толугу менен атылды.
Гара лагеринде атылган ок – дары сактоочу жайынын ушул кезге чейин атылган эң чоң ок – дары сакталган жер экени белгиленди. Сактоочу жердеги ок – дарылар эки саат жарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар