Эрдоган ЭДПны айыптады

Президент Эрдоган, террордук окуяларда «бутаны буруу» болуп жатканына көңүл бурду.

344021
Эрдоган ЭДПны айыптады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Элдердин демократиялык партиясына (ЭДП)  үн салып: «Террор менен болгон байланышыңарды үзгүлө»-деди.
«Улут катары бул отту өлкөнүн ар тарабына жайгысы келгендерге эч качан уруксат бербейбиз»-деп айткан Президенттен партия имараттарына кол салууларга да айыптоо айтылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен президенттик комплексинде биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
Эрдогандын күн тартибинде террор окуялары бар эле. Президент, Элдердин демократиялык партиясынан айтылган ачыктоолорго катуу каршылык көрсөттү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Президент Эрдоган, террордук окуяларда «бутаны буруу» болуп жатканына көңүл бурду.
Президенттен партиянын имараттарына кол салууларга да айыптоо айтылды. Президент Эрдоган атуулдарды «Мамлекетке ишенгиле» деген чакырык салды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар