Шейит салтанаты

16 аскер бүгүн туулган жерлеринде көмүлөт

376272
Шейит салтанаты

Хаккаринин Даглыжа районунда жекшемби күнү жүргүзүлгөн террордук кол салууларда шейит болгон 16 аскер бүгүн туулган жерлеринде көмүлөт.
Аскерлер үчүн биринчи салтанат Ван флот командирлигинде өткөрүлөт. Салтанатка премьер – министр Ахмет Давутоглу да катышат. Салтанаттан киийн шейиттердин жаназалары туулган жерине узатылат. Полктун командири шейит полковник Илкер Челикжан Бурсада Михраплы мечитинде асыр намазынан кийин окула турган жаназа намазынан кийин жерге берилет. Башка шейиттердин жаназалары болсо Мугла, Дүзже, Османие, Маниса, Балыкесир, Мерсин, Чанаккале, Кахраманмараш, Билежик, Эрзурум, Ардахан, Ыгдыр, Токат жана Коняда көмүлөт.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар