Премьер-министрдин жарыясы

Давутоглу бардык саясий партияларды Түркиянын ынтымагын колдоого чакырды.

376032
Премьер-министрдин жарыясы

Премьер-министр Ахмет Давутоглу: «Террор менен күрөшүү чечкиндүүлүгүбүздөн бизди баш тарттыра албайсынар. Ал тоолор ал террористтерден тазаланат»-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Даглыжадагы мыкаачылык менен кол салууга байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү.
Бардык тармакта операциялар жүргүзүлгөнүн баса белгилеген өкмөт башчы, «Десанттык бөлүктөрүбүз аймактагы шейит болгон аскерлерибизге жетти жана аларды чыгарды»-деп айтты.
Террор уюмдарынын толугу менен чыгарылышы үчүн буйрук берилгенин белгилеген Давутоглу, террор уюмунун Түндүк Ирактагы уюктарынын жана жертөлөлөрүнүн бошотулганын билдирди.
Террор менен биргелеше күрөшүү чакырыгын салган өкмөт башчы Давутоглу: «Улутубуз мамлекетине ишениши керек, террор менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүшү керек»-деди.
«Деморкатиядан баш тартпастан, террор менен күрөшүүдө чечкиндүү басышыбыз зарыл»-деген Давутоглу, бардык саясий партияларды Түркиянын ынтымагын колдоого чакырды.
Премьер-министр: «Оппозицияны террор менен күрөшүүдө бирдей тилде сүйлөөгө чакырамын. Террор менен күрөшүүдө колдошууга чакырамын»-деп айтты.
Террор уюмдарынын Түркияга карай максаттарына жете албай турганын билдирген Давутоглу: «Чыгыш жана Түштүк Чыгыштагы жарандарыбыздын, бул террор уюмунун зулумдугу, мыкаачылыгы, аесуз кол салууларына каршы улуттун бүтүндүгү ичинде, коопсуздук бөлүктөрүбүздү, мамлекетибизди коргой турганына ишенемин. Бул аң-сезимдин тарыхтан келген бул туугандыктын, террор менен күрөшүүдө эң чоң күчүбүз экенине ишенемин»-деп айтты.
Премьер-минстр 1-ноябрдагы шайлоонун нормалдуу, укуктук шарттардын ичинде өтө турганын жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар