Эрдоган түз эфирде маалымат берди

Президент Эрдоган террор менен күрөшүү процессинин чечкиндүүлүк менен улантыла турганын баса белгиледи.

375710
Эрдоган түз эфирде маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда Тарабиядагы Сарайда алгач ирет түз эфирге катышып, күн тартипке байланыштуу өз серебин салды.
Президент Эрдоган террор менен күрөшүү процессинин чечкиндүүлүк менен улантыла турганын баса белгиледи.
Эрдоган чечүүчү жол процессинин чындыгында террор уюму тарабынан чыккынчылык кылынып, б.а. аймакта өздөрү үчүн курал топтоо процесси катары пайдаланылганын сөз кылды.
ДЕАШ, ПКК жана DHKP/C террор уюмдарына карай коопсуздук күчтөрүнүн тыгыз иштеп жатканын белгилеген Эрдоган, ушул убакка дейре миңдеген террористтин өлгөн түрдө табылганын айтты.
Эрдоган террорду жактаган саясий партиянын белгилүү экенин сөз кылып, террорго каршы турган партиялар кол кармашып бир блок түзүшү керектигин белгилеп өттү.
Президент Эрдоган 1-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу шарттар кандай болсо дагы шайлоо өткөрүлө турганын баса белгиледи.
Хаккаринин Йүксекова районундагы Даглыжа аймагындагы террордук кол салууга байланыштуу да: «Мунун чыгымын биз буларга абдан оор түрдө төлөтүүдөбүз, төлөтөбүз да»-деди.
Президент Эрдоган CNN International телеканалына берген маалыматында да, Түркиянын аймакта террор уюмдары ДЕАШ менен дагы, ПКК менен дагы күрөшүп жатканын белгилеп, биринчи пландын ПКК болгонун жана бул күрөштүн да соңуна чейин улана турганын баса белгиледи.
Европа өлкөлөрүнүн Түркияны террор менен күрөшүү темасында жалгыз калтырганын сөз кылган президент Эрдоган, террор уюмунун мүчөлөрүнө Европа шаарларында баш калкалоо мүмкүнчүлүгү таанылганына көңүл бурду.
Батыштын өз убагында кийлигишпөөсүнүн себебинен Асаддын учурда дагы эле бийликте болгонун белгилеген Эрдоган, Иран жана Орусиянын Сирия саясатын да сынга алды.
Президент Эрдоган качкын көчмөндөргө байланыштуу батыштын жүргүзгөн жаңылыш саясаттарынын айынан Жер Ортолук деңиздин көрүстөнгө айланганын айтты.
Жер Ортолук деңизге жээктеш болгон батыш өлкөлөрүнүн бул адамдарды кабыл алгысы келбегенин сөз кылган Эрдоган, Түркиянын болсо чек араларына келген адамдарды конок катары кабыл алганын, Сирия жана Ирактан келгендердин санынын 2 миллиондон ашканын белгилеп өттү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар