Жаңы өкмөттө партияларга министрликтер бөлүштүрүлдү
Шайлоонун 2015 – жылдын 1 - ноябрында өткөрүлөрү тууралуу чечим да Расмий гезитте жарыяланды
369624
Президент Р. Т. Эрдоган тарабынан убактылуу министрлер кеңешин куруу үчүн премьер – министр катары дайындалган Ахмет Давутоглуна Түркия Жогорку Улуттук Парламентинен шайлоо өкмөтүндө орун ала турган партиялардын бөлүштүрүлүүсү тууралуу график берилди. Ушуга караганда премьер – министр жана 3 көз карандысыз тышында Адилеттик жана өнүгүү партиясына 11, Республикалык элдик партиясына 5, Улуттук кыймыл жана ХДПке 3төн министрлик туура келүүдө.
Премьер – министр Давутоглу графиктин негизинде ушул күндөн баштап тийиштүү партиялардын депутаттарына чакыруу жиберет. Бир тараптан Жогорку Шайлоо Кеңешинин 26- мезгилдик депутаттык жалпы шайлоонун 2015 – жылдын 1 - ноябрында өткөрүлөрү тууралуу чечим да Расмий гезитте жарыяланды.