Террористтер багынууда...

240 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

338959
Террористтер багынууда...

ПКК террор уюмуна мүчө 240 киши, 2015-жылдын 24-июлунан бери коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Булардан 180и Түрк куралдуу күчтөрүнүн жүргүзгөн операцияларынан кийин Кандил жана анын айланасындагы лагерлерден качкандар. Калган 60 киши болсо мындан мурда Ирактын түндүгүндө баш калкалаган жана багынып бергендер эле.
Коопсуздук күчтөрүнүн 22-июлдан бери террор уюму ПККга карай өлкө ичинде жана тышында жүргүзгөн операцияларында болсо 812 террорист өлтүрүлдү.
ПКК террор уюмунан өздөрүнө түшүндүрүлгөндөрдүн тескерисинче Түркияда аскерлер тарабынан жылуу тосулганын белгилеген террористтер, башка жолдошторуна да багынып берүү чакырыгын салышты. Багынып берген террористтер лагерлердеги көп сандаган террористтин качууну каалаганын, бирок качууга аракет кылынгандар уюм тарабынан өлтүрүлүп жатканын айтты.
Террористтер түрк реакторлорунун Кандилдеги террордук уяларды бомбалоосун мүмкүнчүлүк катары көрүп кача алгандарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар