Эрдоган шайлоо күнүн белгиледи

Түркия 1 - ноябрда кайрадан добуш берет

337369
Эрдоган шайлоо күнүн белгиледи

Шайлоо күнү Р. Т. Эрдоган тарабынан жарыяланды. Стамбулда журналисттердин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берген Эрдоган 7 - июндагы шайлоодон бери коалиция өкмөтүнүн курула албаганын эске салып : «Убакытты өткөрүүнүн кереги жок. Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Исмет Йылмаз менен кайрадан кеңешип, өлкөнү кайрадан шайлоого алып барабыз»,- деди.
Президент негизги оппозициядагы Республикалык элдик партиясынын лидери Кылычдароглуна өкмөттү куруу милдетин бербей турганын да кайталады. Эрдоган акыркы жумаларда күч алган террордук кол салуулар тууралуу берилген бир суроого : «Шейиттерибиз бар. Бул күрөш учурунда булардын болушун билебиз. Мындан Кудайдын буйругу менен жеңиш менен чыгабыз жана шейиттерибиздин каны унутулбайт. Булардын бир гана маселеси бул өлкөнү кантип бөлүү керек. Ал үчүн калкыбыз өз ичинде бул жикчил террордук уюмдун мүчөлөрүн тазалоо керек»,- деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар