Шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат

Ахмет Давутоглунун 40 күнгө созулган өкмөт куроо изденүүсүнөн оң жыйынтык чыккан жок.

335433
Шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат

Премьер-министр Ахмет Давутоглунун 40 күнгө созулган өкмөт куроо изденүүсүнөн оң жыйынтык чыккан жок.
Давутоглунун милдетти президент Режеп Таййип Эрдоганга кайтарып бериши менен багыт мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого бурулду. Эми президенттин чечими күтүлүүдө.
Эрдоган кечээки бир кабыл алуусундагы сөзүндө өкмөт куроо милдетин Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглуна бербей турганынын белгисин берди.
Атын атабастан да Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Бахчели жана Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кылычдароглун сындап өткөн Эрдоган, керек болсо өкмөт куроо, керек болсо мөөнөтүнөн мурда шайлоого баруу темасында лидерлердин так мамиле көрсөтө албагандарын айтты.
Эрдоган мындай абалда чечим табууну улуттун эркинен издөө керектигин белгилеп өттү. Эми чечим президенттиктен чыгышы күтүлүүдө...
Мындай абалда өлкөнү шайлоого «шайлоо өкмөтү» б.а. убактылуу өкмөт алып барат.
Кабинетке кайсы партиядан канча министр кире турганына болсо парламент төрагасы Исмет Йылмаз Парламенттин Жалпы кеңешиндеги эсепти эске алып чечим чыгарат.
Учурдагы таблица боюнча Адилеттик жана өнүгүү партиясы 11, Жумурият элдик партиясы 6, Улуттук кыймыл партиясы жана Элдердин демрократиялык партиясы төрттөн министр бериши керек.
Ал эми Улуттук кыймыл партиясы, Элдердин демократиялык партиясына каршы чыккандыктан убактылуу өкмөткө кошула албай турганын мурда эле жарыялаган.
Жумурият элдик партиясы да убактылуу өкмөттө орун албай турганын билдирди.
Элдердин демократиялык партиясы болсо шайлоо өкмөтүндө орун алууга жылуу кароодо.
Шайлоо өкмөтү ишке ашышы үчүн учурдагы өкмөт кызматын өткөрүп бериши керек. Президент да убактылуу өкмөт үчүн премьер-министр дайындайт.
Адилет, ички иштер жана транспорт министрликтерине көз карандысыз ысымдар дайындалат. Кабинетке мүчө бербеген партиялардын ордуна көз карандысыз же тышкарыдан министрлер дайындалат.
Анда бул сценарий ишке ашса эл качан шайлоого барат?
Эгерде Жогорку шайлоо комиссиясынын төрагасы Сади Гүвен сөз кылган ошол шайлоо чечими чыгарылса, комиссия мыйзамдуу мөөнөт болгон 3 айды 50 күн алдыга жылдыра алат.
Ушундайча кыйырдагы шайлоонун күнү эң эрте 18-октябрь болушу мүмкүн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар