Коалиция сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок...

Өкмөт башчы, Улуттук кыймыл партиясынын эч бир өкмөт моделине колдоо көрсөтпөгөнүн айтты.

331678
Коалиция сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок...

Коалиция сүйлөшүүлөрү бүгүн Парламентте уланды.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, премьер-министр Ахмет Давутоглу, өкмөт куроо иштери боюнча бүгүн Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинде жолукту.
Премьер-министр Давутоглу Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен болгон жолугушуудан майнап чыкпаганын билдирди. Өкмөт башчы, Улуттук кыймыл партиясынын эч бир өкмөт моделине колдоо көрсөтпөгөнүн айтты.
Давутоглу: «Боло турган сценарийлерди күн тартипке салуу менен коалиция түзүлүүсү мүмкүн көрүнбөйт. Кыска мөөнөттүү шайлоо коалициясы да мүмкүн эместей. Азчылык өкмөтүн мурда эле кабыл албай турганын билдирген. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечими үчүн бир өкмөт парламентке келсе жыйналышка катыша тургандарын, бирок эч качан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдобой тургандарын сөз кылды»-деди.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу коалиция иштери тууралуу президент Эрдоган менен кеңешкенден кийин кызматын өткөрүп бере ала турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар