Давутоглу коалиция тууралуу билдирүү жасады
Давутоглу дүйшөмбү күнү Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен жолугушарын белгиледи
Премьер – министр Ахмет Давутоглу алган өкмөт куруу милдетинин бүтүшүнө 1 жума калганда лидерлерге чакыруу салды. Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу жана Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Бахчелиге кайрылган Давутоглу : « Керек болсо үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөлү жана өкмөт кризиси болбостон бул ишти чечели»,- деди.
Премьер – министр Давтуоглу ТРТ Хабердин атайын эфиринде коалиция сүйлөшүүлөрүнө карата суроолорго жооп берди.
Бахчели жана Кылычдароглуна : «Альтернативдерди бирдикте ойлонолу. Керек болсо үчөөбүз жолугушалы»,- деген Давутоглу эки лидер менен үч тараптуу сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.
Өкмөт куруу процессинин улантылып жатканын да белгилеген Давутоглу дүйшөмбү күнү Улуттук Кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен жолугушарын белгиледи.