АКШдан Түркияга колдоо

Кирби ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын коопсуздугу жана аймактык ырааттуулуктун маанисине көңүл бурду

326746
АКШдан Түркияга колдоо

Ак үй Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү боюнча түзүлгөн келишимди террордук уюм ПККга абадан кол салуу үчүн колдонгонуна карата айтылган сөздөргө кошулбаганын билдирди. Малыматты тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби билдирди.
Террордук уюм ПККга карата жүргүзүлгөн операциялар жана ДЕАШ менен күрөшүүнүн башка темалар экенин айткан Кирби Түркиянын террордук кол салууларга каршы өзүн коргоо укугунун бар экенин айтты. Кирби ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын коопсуздугу жана аймактык ырааттуулуктун маанисине көңүл бурду.
АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби Түркиянын маанилүү НАТО союздашы, жакын досу жана күчтүү партнеру экенин белгилеп : «Түркиянын базаларын АКШ жана коалиция мүчөлөрүнө ачуусунан ыраазыбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар