Кайра шайлоо болобу?

Түркия кайрадан шайлоо процессине кирүүдө...

326469
Кайра шайлоо болобу?

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглу, Жумурият элдик партиясы менен коалициялык өкмөттү куроо сүйлөшүүлөрүнүн, өнөктөштүк курула тургандай платформа табыла албаганынын белгилениши менен жыйынтыкталганын айтты.
Давутоглу Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу менен өкмөт куроо процессинин алкагында бүгүнкү үчүнчү сүйлөшүүсүнөн кийинки жарыясында, ачык жана принциптүү сүйлөшүү процессинин аяктаганына көңүл бурду. Премьер-министр Ахмет Давутоглу Жумурият элдик партиясына «мөөнөттүү реформа өкмөтү» сунушун алып баргандарын белгилеп, «арабызда тышкы саясат жана билим берүү тармактары баш болгон терең пикир келишпестик болгону белгилүү»-деди.
Өкмөт башчы, «Кайрадан улуттук эркке кайрылуунун эми жалгыз ыктымалдуулук болгонун айта алабыз»-деди.
7-июндагы парламенттик шайлоолордон эч бир партия өзү жалгыз бийлик түзүүгө жеткидей добуш ала алган эмес. Президент Режеп Таййип Эрдоган шайлоолордо эң көп добушка ээ болгон партиянын жетекчиси катары премьер-министр Ахмет Давутоглун 9-июлда жаңы өкмөттү куроо менен милдеттендирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар