Шырнакта ПККнын кол салуусунан 5 киши көз жумду

Аймакта террористтерге каршы операциялар уланып жатат.

321270
Шырнакта ПККнын кол салуусунан 5 киши көз жумду


Террористтердин Силопи районунда жолдун боюна жайгаштырылган минаны жардырып жиберишинин себебинен 4 полиция шейит болду.
Кол салууда бир полиция да жараланды.
Бейтүшшебап районунда болсо аскердик кызматын аяктаган же уруксат алган аскерлерди Шырнакка алып баруу үчүн учайын деп турган тик учмага ПККлык террористтер тарабынан ракеталар жана миномёттор менен ок атылды.
Окуяда аскердик кызматын аяктап, туулган жерине кайтууга даярданып жаткан Доган Ажар шейит болду.
Жараланган 7 аскер болсо дарыланып жатат.
Кол салуулардан кийин Шырнактын 23-Жандармерия чек ара командирлигинен учкан тик учмалар ПККлыктар жайгашкан жерлерди бомбалашты.
Аймакта террористтерге каршы операциялар уланып жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар