Чанаккале аземдери

Жаңы Зеландия аскерлери үчүн тургузулган эстеликке гүлдөр ташталып, каза болгон аскерлер үчүн дуба кылынды

319230
Чанаккале аземдери

Чанаккале согуштарынын 100 жылдыгында Жаңы Зеландия жарандары үчүн эскерүү аземи өткөрүлдү. Аземде тынчтык жана достук үчүн сөздөр айтылды.
25 – апрелдеги аземдерге катышы албаган АНЗАК неберелери үчүн Гелиболу жарым аралында эскерүү аземи өткөрүлдү. Аземге Жаңы Зеландиянын губернатору Жерри Матепаре, Австралиянын губернатору Питер Косгроув менен жаңы зеландиялык аскерлер жана АНЗАК неберелери катышты. Жаңы Зеландия аскерлери үчүн тургузулган эстеликке гүлдөр ташталып, каза болгон аскерлер үчүн дуба кылынды.
Жаңы Зеландиянын губернатору Матепаре 100 жыл мурда болгон согуш жана кыйынчылыктардан сөз кылды. Матепаре : «Бүгүн жаңы зеландиялыктар жүз жыл мурда Жонк Байыр согушунда жарандарыбыздын каармандыгын эскерип жатат. Жаңы Зеландиянын аскердик тарыхчысы Иан Макгибсон да бул согушту « тайманбастык жана тырышчаактыктын дастаны» деп таанытууда»,- деди. Аземде андан кийин эки өлкөнүн улуттук марштары аткарылды. Жаңы Зеландия аскерлеринин «Хака бийи» менен азем соңуна чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар