ТРТ менен "Кабар" агенттиги келишим түздү

“Кабар” агенттиги менен Түркиянын ТРТ телерадиокомпаниясынын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду

317480
ТРТ менен "Кабар" агенттиги  келишим түздү

Бишкек, 6-август /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарында “Кабар” маалымат агенттиги менен Түркиянын мамлекеттик ТРТ телерадиокомпаниясынын ортосунда өз ара кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлду. Бул документке кол коюу үчүн Түркиядан ТРТ телерадиокомпаниясынын Тышкы департамент бөлүмүнүн жетекчиси Сулейман Эрдал жана аталган телерадиокомпаниянын кыргыз редакциясынын башчысы Алмазбек Асанбаевдер келишти. Аларды “Кабардын” директору Кубанычбек Таабалдиев баш болгон агенттиктин жетекчилиги тосуп алышты.

Эки мамлекеттин аталган маалымат кызматтары тарабынан түзүлгөн келишим өз ара тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашып, Кыргызстан жана Түркия тууралуу маалымат рыногундагы боштукту толтуруу максатын көздөйт. Башкача айтканда, “Кабар” ТРТга шилтеме берүү менен бирге Түркия, бул мамлекеттин Кыргызстан жана башка мамлекеттер менен болгон байланышы, өлкө ичиндеги ар кандай жаңылыктарды жарыялап турмакчы. Ошол эле учурда ТРТ да “Кабар” агенттигинин маалыматтарын пайдаланып, Кыргызстан тууралуу маалыматтарды өз сайтына жайгаштырат жана теле, радиодо эфирдик программаларда чагылдырат. Келишимдин алкагында мындан тышкары “Кабардын” журналисттери Түркияга барып, ТРТдан тажрыйба алмашып келишет жана башка кызматташтыктын түрлөрү камтылган.


“Кыргызстан менен Түркия боордош мамлекеттер катары Кыргызстан Эгемендүү мамлекет болуп таанылгандан тартып ар тараптуу кызматташып келет. Бирок, биздин бул карым-катнашыбыз жетиштүү деңгээлде деп айтууга али эрте. Экономикалык, маданий, маалымат алмашуу жагынан алдыбызда бир топ аткара турган жумуштар бар. Биз бири-бирибиз менен канчалык тыгыз байланышып, маалымат алышып турсак, элибиз менен мамлекетибиздин достугу ошончолук чыңдалары белгилүү. Кыргызстандын мамлекеттик “Кабар” агенттиги жана Түркиянын мамлекеттик ТРТ телерадиокомпаниясы маалымат айдыңында бир топ иштерди жасоого милдеттүүбүз”,- деп айтты документке кол коюу учурунда “Кабардын” директору К. Таабалдиев.

ТРТ Түркиядагы мамлекеттик алдыңкы телерадиокомпания болуп саналат. Анын ар кайсы багыттагы 16 телеканалы, 32 тилде радио эфири жана интернет сайты бар. Бир гана 80 миллион аудиториясы бар Түркия эмес, бүтүндөй Евразия аймагына маалыматтарын чагылдырган бул телерадиокомпания жаңы заманбап техникалар менен жабдылып, кызматкерлери дүйнөдөгү алдыңкы маалымат каражаттарынан тажрыйба алмашып турушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар