Гурбангули Бердимухаммедов Түркияга келди

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов эки күндүк сапар менен Стамбулга келди.

317546
Гурбангули Бердимухаммедов  Түркияга келди

Бердимухаммедовду Ататүрк аэропортунун конок үйүндө энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Танер Йылдыз, Стамбул губернатору Васип Шахин, Түркия кабинеттер жана биржалар бирдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, кээ бир ишкерлер менен жетекчилер аскердик азем менен тосуп алды. Министр Йылдыз менен мамлекеттик конок үйүндө бир канча убакыт маектешкен Бердимухаммедов андан кийин кала турган мейманкага барды. Гурбангули Бердимухаммедовдун президент Р. Т. Эрдоган менен эртең Стамбулда иш алып баруу тамагында жолугушуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар