Коалиция сүйлөшүүлөрү

Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Республикалык элдик партиясынын делегациялары акыркы жолу жолугушту

314300
Коалиция сүйлөшүүлөрү

Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Респуликалык элдик партиясынын делегациясынын коалиция сүйлөшүүлөрүнүн негизинде бешинчи жана акыркы жолу жолугушкан жыйын аяктады.
Анкара Палас мамлекеттик конок үйүндөгү жолугушуу 7,5 жарым саатка созулду. Жолугушуудан кийин басма сөз кызматкерлерине маалымат берген маданият жана туризм министри Өмер Челик премьер – министр жана Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Ахмет Давутоглунун Республикалык элдик партиясынын жолугушуулары менен башталган сүйлөшүү процессин аякташкандарын айтты.
Министр Челик : «Бизге берилген кызматтын алкагында каралган маселелердин темаларын аяктадык. Баары бүттү. Делегация катары партиянын лидерлерине жана партиянын жооптуу мекемелерине керектүү маалыматты бере турган абалдабыз»,- деди.
Республикалык элдик партиясынын төрага орун басары жана партиянын катчысы Халук Коч да берген маалыматында : «Оң же тескери деген алкак сунуштабайбыз. Биз жасаган аныктамаларыбызды билебиз. Кээ бир темаларда олуттуу жана негизги пикир айырмачылыктар менен дал келген темалар да бар»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар