Жарандардын талаптарына кайдыгер кароо мүмкүн эмес

Ахмет Давутоглу Чанкая сарайында Чыгыш жана Түштүк Чыгыштан келген 44 бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

312487
Жарандардын талаптарына кайдыгер кароо мүмкүн эмес

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Чанкая сарайында Чыгыш жана Түштүк Чыгыштан келген 44 бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.
Жыйналышта Адилеттик жана өнүгүү партиясынын бийлиги убагында демократиялашуу аракеттеринин, чечүүчү жол процессинин аймакка алып келгендери жана мунун корголушу керектиги темасында макулдашылганы сөз кылынды.
Операцияларга байланыштуу ар башка пикирлер айтылып жатканда, мындан ары эмне кылынышы керектиги туурасында да, тез арада коомдук тартип түзүлүп, чыңалуунун соңуна чыгарылышы керектиги жөнүндө бирдей пикир ортого салынганы белгиленди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглунун жыйналыштын акырында сүйлөгөн баа берүү сөзүндө, өкмөт катары аймактан келген талаптарга жана мамлекеттик тартипке байланыштуу күтүүлөрүнө кайдыгер кароолору мүмкүн болбой турганын баса белгиледи.
Жолугушуудан кийин жыйналышка катышкан бейөкмөт уюмдардын атынан жасалган билдирүүдө, чечүүчү жол процессинин кайрадан калыбына келиши үчүн жалгыз жолдун эң кыска убакта ПККлардын куралчан топторунун өлкөдөн чыгып кетиши экенин белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар