Диярбакырда террористтер аскерлерге тузак салышты...
Анда 2 аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алды.
385055
Диярбакырдын Лиже районунда аскердик унаа өтүп бара жатканда жарылуучу зат жүктөлгөн башка бир унаа жардырылды. Анда 2 аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алды.
Губернаторлуктун маалымдоосуна караганда, бир топ террорист Лиже районунун Каяжык жол айрылышында бир унааны өрттөп жиберди.
Муну көргөн жандармериянын тобу окуя болгон жерге бара жатканда, ичинде жарылуучу зат толгон башка бир унааны жардырып жиберишти.
Террористтердин кармалуусу үчүн кеңири машстабдуу операция баштатылды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Италияда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/4b0f/cbdf/a0c5/65d8a6a8559e4.jpg?time=1718437146)
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.