Давутоглу Кэмеронго террор боюнча маалымат берди

Давутоглу Сириядагы кагылышуу чөйрөсүнүн Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдирди.

385143
Давутоглу Кэмеронго террор боюнча маалымат берди

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Премьер-министрликтин маалымат борборунан маалымдашкандай Давутоглу анда, Сириядагы кагылышуу чөйрөсүнүн Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканы жана ушул себептен ДЕАШ жана ПКК сыяктуу террор уюмдарына каршы жүргүзүлгөн күрөш туурасында Кэмеронго маалымат берди.
Давутоглу Сирияда мыйзамдуулугу эл тарабынан сынга алынбай турган убактылуу өкмөт түзүлбөстөн жүргүзүлгөн террордук уюмдар менен күрөшүүнүн татаалдыгына көңүл буруп, бул темада шериктештердин колдоосуна муктаждык болгонун белгиледи.
Англиянын премьер-министри Кэмерон да Түркия жүргүзүп жаткан террор менен күрөшүүгө толук колдоо көрсөткөнүн белгилеп, Сириядагы кагылышуу чөйрөсүнүн соңуна чыгарылышы жана ДЕАШ менен күрөшүү темасында колдоолору мындан ары да улана бере турганын айтты.
Кэмерон террордук кол салууларда шейит болгон коопсуздук күчтөрү жана каза тапкан жарандар үчүн көңүл айтуусун билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар