Иштерибизди учурдагы система менен так аткарууга аракеттенебиз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу бир телеканалда журналисттердин күн тартипке байланыштуу суроолоруна жооп берди.

381154
Иштерибизди учурдагы система менен так аткарууга аракеттенебиз

Давутоглу: «Учурдагы система чыныгы парламенттик система эмес, аттиң президенттик системаны түзө алганыбызда»-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу бир телеканалда журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.
Учурдагы парламенттик системаны жактырбаганын баса белгилеген Давутоглу, президенттик системага өтө албагандыктары үчүн максаттарынын учурдагы система менен мыйзам чектеринде иштерди эң жакшы түрдө аткара алуу болгонун айтты.
Шайлоодон кийин өкмөт боштугун сезбегендерин баса белгилеген Давутоглу, коалиция темасында эң туура жолду табууга аракет кылгандарын сөз кылды.
Давутоглу 10 пайыздык шайлоо чегинин төмөндөтүлүшү темасында да «Ыктымалдуу өкмөт өнөктөштүгү протоколун сүйлөшүүдө биз муну сунуштайбыз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар