Чоң инвестициялар сыймыктандырат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы жумушчулар менен ооз ачууда жолукту.

381231
Чоң инвестициялар сыймыктандырат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортун салуу иштеринде иштеп жатышкан жумушчулар менен ооз ачууда жолукту.
Иптарга келүүдөн мурда Стамбул кысыгында салынып жаткан үчүнчү көпүрө боюнча иштерди тик учардан байкап чыкканын айткан Эрдоган: «Бул ири инвестицияларды абадан көрүү адамды өзгөчө сыймыктандырат»-деди. Эрдоган дүйнөнүн эң чоң аэропорту 2018-жылы салынып бүтө турганын билдирди.
Президент: «Суу астынан эки материкти бири-бирине кошкон метро жолу «Мармарай», эки материкти бириктире турган эки кабаттуу автожол көпүрөсү жана деңиз астынан өтө турган тоннель сыяктуу Түркия ээ боло турган аэропорт да дүйнөнүн ар тарабында сыймыктанууга өбөлгө болот»-деди.
Түркиянын эң көп муктаж болгон нерсесинин биримдик жана ынтымак экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Улут термини курамында ар түрдүү этникалык өздүктү камтыган термин болуп эсептелет»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар