Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынын сүйлөшүүсү өттү.

380558
Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

63-өкмөттүн түзүлүүсү үчүн коалиция сүйлөшүүлөрү уланууда.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, премьер-министр Ахмет Давутоглу менен партиянын делегациясы, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели жана анын тобу менен жолукту.
Жолугушуудан кийин ачыктоо жасаган Ахмет Давутоглу, «Жолугушууда Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Бахчели өкмөткө өнөктөш болбоо жөнүндөгү ниетин дагы бир жолу сөз кылды»-деди.
Давутоглу алгачкы жолугушуусун Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу жана анын тобу менен өткөргөн болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар