Давутоглу Коньяда партиясынын ифтарына катышты

Давутоглу : «Келерки жумада өкмөттү куруу сүйлөшүүлөрүн баштайбыз»,- деди

331494
Давутоглу Коньяда партиясынын ифтарына катышты

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери жана премьер – министр Ахмет Давутоглу Коньяда партиясынын ифтарына катышты. Давутоглу 7 - июндагы шайлоодон кийин өлкөнү өкмөтсүз калтырбоо үчүн аракет кылып жатышкандарын айтты.
Түркияны өнүктүрө турган жаңы бир мезгилдин башталышы үчүн башка партиялар менен байланышкандарын баса белгилеген Давутоглу : «Тилекке каршы башка партияларга караганыбызда биринчи күндөн баштап эле каалгаларын жапкандар, Түркияда жаңы уюлдашуулардын, жаңы араздашуулардын алдын ачууга аракет кылгандар болду»,- деди.
Давутоглу президент Эрдогандын алдыбыздагы жумада өзүнө өкмөттү куруу милдетинин берилиши менен башка партиялар менен сүйлөшүүлөрдү баштай турганын айтты. Партиялар менен өткөрө турган жолугушуулары тууралуу баа берген премьер – министр Адилеттик жана өнүгүү партиясынын ХДП менен коалиция курууга эмнеден жылу карабаганына : «Партиябыздын жактоочуларынын көз карашы биз үчүн абдан маанилүү»,- деп жооп берди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар