Исмет Йылмаз Түркия Улуу Улуттук парламентинин төрагасы болду

Түркия Улуу Улуттук парламентинин 26-төрагасы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкери Исмет Йылмаз болду.

328244
Исмет Йылмаз Түркия Улуу Улуттук парламентинин төрагасы болду

Түркия Улуу Улуттук парламентинин жалпы кеңешинде өткөрүлгөн төртүнчү айлампадагы добушка коюуга, үчүнчү айлампада эң көп добуш алган Исмет Йылмаз менен Жумурият элдик партиясынын Анталья эл өкүлү Дениз Байкал катышты.
Добушка коюуга 547 эл өкүлү катышса, Йылмаз 258 добуш, Байкал болсо 182 добуш алды. 29 добуш бош чыкты. 78 добуш болсо жараксыз болду.
Байкал Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы болуп шайланган Исмет Йылмазды куттуктап, ийгилик каалады.
Ырахмат айтуу иретинде сөз сүйлөгөн Йылмаз да: «Жасала турчу көп ишибиз бар, убакытыбыз аз. Парламентибиз улутубуздун ар бир маселесин чечүүчү дарек. Бул мезгилде мамлекеттин күчүн колдонгон органдардын ортосунда кызматташууга мурдагыдан дагы көп муктаждык бар»,-деди.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы болуп шайланган Йылмаздын ордуна Улуттук коргоо министрлиги үчүн дайындоо жасай турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар