Парламенттин спикери бүгүн белгилүү болот

Үчүнчү турда шайлануу үчүн мүчөлөрдүн 276 добуш алуусу керек

327627
Парламенттин спикери бүгүн белгилүү болот

Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикерин шайлоо үчүн өткөрүлгөн биринчи турдагы добуш берүүдө талапкерлер шайлануу үчүн керектүү болгон көпчүлүк добушту ала алышпады. Бүгүн өткөрүлө турган 3 – 4 – турда парламенттин спикери белгилүү болот. Үчүнчү турда шайлануу үчүн мүчөлөрдүн 276 добуш алуусу керек.
Үчүнчү добуш берүүдө да керектүү болгон добушту ала албаса бул турда эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда төртүнчү тур өткөрүлөт. Төртүнчү турда эң көп добуш алган талапкер Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери болуп шайланган болот.
Адилеттик жана өнүгүү партиясы Сивас депутаты Исмет Йылмазды, Республикалык элдик партиясы ЖХП Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин убактылуу спикери жана Анталья депутаты Дениз Байкалды, Улуттук кыймыл партиясы МХП Стамбул депутаты Экмеледдин Ихсаноглун, ХДП болсо Мерсин депутаты Денгир Мир Мехмет Фыратты парламенттин спикерлигине талапкер катары көрсөткөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар