Түркия чек арадагы коркунучтарга каршы даяр турат

Давутоглу Түркиянын Сирия жана Ирак чек арасындагы трагедиянын бүтүшү үчүн аракет кыла турганын баса белгиледи.

323976
Түркия чек арадагы коркунучтарга каршы даяр турат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Стамбулда ар башка диндердин өкүлдөрү менен ооз ачуу программасында жолукту.
Сирия чек арасындагы кыймылдуулукка токтолгон Давутоглу, чек арада боло турган кандайдыр бир коркунучка карай Түркия даяр турганын айтты.
Түркиянын Сирия жана Ирак чек арасындагы трагедиянын бүтүшү үчүн аракет кыла турганын баса белгилеген Давутоглу: «Аймактагы адамзаттык трагедиясынын бүтүшү үчүн баш калкалоочуларды эң жакшы шарттарда тосууну да улантабыз»-деди.
Давутоглу: «Чек ара коопсуздугуна коркунуч келе турган болсо, Түркия ар түрдүү ыктымалга каршы даяр турат жана даярдык үчүн керектүү иштердин бардыгы жасалды»-деп айтты.
Давутоглу Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу үчүн дипломатиялык алакаларды уланта тургандарын кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар