Кобаниде жаралангандар Түркияда дарыланууда

ДАИШ менен кээ бир күрт топторунун ортосунда улантылган кагылышуулар кээ кээде күч алууда

320994
Кобаниде жаралангандар Түркияда дарыланууда

Террордук уюм ДАИШтин Кобаниде жасаган кол салуусунда жараланган 134 киши Түркияда дарыланууда. Кобани шаар борборунда ДАИШ менен кээ бир күрт топторунун ортосунда улантылган кагылышуулар кээ кээде күч алууда.
Эрте менен бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган 2 жан кечтилик кол салуу менен куралдуу кагылышууларда биринчи аныктоого караганда 17 киши каза болду. Каза болгондордун санын көбөйүүсүнөн тынчсыздануулар болууда.
Кол салууларда жараланган жана чек арадан Түркияга алынган 134 киши башта Суруч болуу менен Шанлыурфадагы ооруканаларга жаткырылды. Ошол эле учурда жаралуу келген 4 кишинин жаназасы Суруч мамлекеттик ооруканасынын моргуна жиберилди. Бир тараптан чек арадан жаралууларды ташыган тез жардам унааларынын саны азайды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар