Түрк Кызылайынан түркмөндөргө жардам

Түрк Кызылайы тарабынан жиберилген жардамдар чатырларда жашаган үй – бүлөлөргө жана медициналык борборлорго тапшырылды

318493
Түрк Кызылайынан  түркмөндөргө жардам

Түрк Кызылайы Сириянын Байырбужак түркмөн аймагы жана Идлиб элетине 7 тройлер жардам материалын жиберди. Ичинде 1100 килограмм тамак – аш, 43 миң медициналык материал жана 42 миң куту дары орун алган жардамдар Яйладагы районунун чек арасынан Байырбужак түркмөн аймагына жиберилди.
Рейханлы району Бүкүлмез чек арасынан Атме шаарчасы жана Идлиб элетине жиберилген жардам материалдарынын арасында да 1200 куту дары, 402 медициналык материал жана 48 миң шише суу бар.
Түрк Кызылайы тарабынан жиберилген жардамдар аймакта өз мүмкүнчүлүктөрү менен курган чатырларда жашаган үй – бүлөлөргө жана медициналык борборлорго тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар