Каалгабыз ар кимге ачык

Давутоглу коалиция сүйлөшүүлөрүн чын дилден жүргүзө тургандарын билдирди.

313075
Каалгабыз ар кимге ачык

Премьер-министр Ахмет Давутоглу коалиция сүйлөшүүлөрүн чын дилден жүргүзө тургандарын айтты.
Стамбулда Дарүлажезедеги ооз ачуу программасынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп ебрген Давутоглу: «Улутубуз, улуттук эрктин белгилөөчүсү катары коалиция менен башкарылышына чечим чыгарды. Ошондуктан биздин каалгабыз ар кимге ачык»-деди.
Расмий милдеттин президент тарабынан өзүнө тапшырылган учурунда, өкмөт түзүү иш-чараларын баштай тургандарын баса белгилеген Давутоглу, «Ар ким ошол күн келгенде, жолугушуулар башталганда жакшы ниет менен жана олуттуулук менен мамиле кылышын тилеймин» деген серебин салды.
Бардык партиялардын жетекчилери менен ачык түрдө сүйлөшө тургандарын баса белгилеген Давутоглу: «Мен айтпаган эч бир ой-пикир Адилеттик жана өнүгүү партиясынын көз карашын өкүлдүк кылбайт»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар