Азчылык көпчүлүккө өкүмдарлык кылган сыяктуу көрсөтүлүүдө

Эрдоган: «Белгисиздик көпкө созулбашы керек, өкмөт тез арада куралышы зарыл»-деди.

303448
Азчылык көпчүлүккө өкүмдарлык кылган сыяктуу көрсөтүлүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандан кайтканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Эрдоган өкмөттү түзүү милдетин берүүдөн мурда Парламентке кирген 4 партия менен жолугуша турганын айтты.
Эрдоган: «Саясий ахлактын талабы боюнча эң көп добуш алган саясий партиянын жетекчисин өкмөттү түзүүгө милдеттендирем. Ал түзө албай койсо, кайра эле саясий ахлактын талабы боюнча эң көп добуш алган экинчи партиянын жетекчисин милдеттендирем»-деп айтты.
Партиялардын лидерлерин өз өзүнчө чакырып процесске байланыштуу көз караштарын уккусу келгенин баса белгилеген Эрдоган, шайлоолордон биринчи жана экинчи болуп чыккан партиялардын өкмөттү кура албай койгон учурунда конституциянын талабы боюнча кайра шайлоого баруунун качылгыс боло турганын сөз кылды.
Эрдоган: «Өлкөбүздүн инвестицияларынын, эл аралык карым-катнаштарыбыздын үзгүлтүккө учурубашы жагынан да белгисиздик көпкө созулбашы керек, өкмөт тез арада куралышы зарыл»-деди.
Эрдоган шайлоодон кийинки абал туурасында чет элдик басма сөздүн азчылыктын көпчүлүккө өкүмдарлыгын күүлөгөн мамилени көрсөтүүсүн жаңылыш деп тапканын белгилеп, мунун улуттук эркти жана өлкөнү сыйлабастык болгонун белгилеп кетти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар