Президент Эрдоган Азербайжанга барат

Эрдоган Европа оюндарынын ачылыш аземине катышат.

299434
Президент Эрдоган Азербайжанга барат


Президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Европа оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн 12-июнь жума күнү Азербайжанга барат.
Президент Эрдогандын Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча бара турган Бакуда, Алиев менен катар аземге катыша турган өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.
Президент жолугушуулары аяктагандан кийин 13-июнь ишемби күнү Түркияга кайтып келет.
20 категорияда 50 өлкөдөн 6 миңден ашуун спортчу таймаша турган Европа оюндарында Түркия 19 категорияда 192 спортчу менен өкүлдүк кылынат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар