Коалициябы же мөөнөтүнөн мурда шайлообу?

Адилеттик жана өнүгүү партиясы иш пландарын сүйлөшүп жатат.

297911
Коалициябы же мөөнөтүнөн мурда шайлообу?

Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК партиянын) жетекчи орун басары Мехмет Али Шахин, шайлоо иштерине баа берүү жана андан аркы процесске байланыштуу жол картасын белгилөө иштерин шаршемби жана бейшемби күндөрү жасоону пландагандарын айтты.
АК партиянын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглунун дүйшөмбү күнү Минисрлер кеңеши жана Борбордук аткаруу кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жыйналышынан кийин Мехмет Али Шахин, АК партиянын башкы борборунун алдында басма сөз кызматкерлерине маалымат берди.
АК партия катары улуттун эркине жана чечимине терең урмат сый көрсөткөндөрүн сөз кылган Шахин, алдыбыздагы жумада жаңы жана эски эл өкүлдөрү менен жолугуп шайлоонун жыйынтыктарын жана баштала турган процесске баа берүүнү каалагандарын баса белгиледи.
«Жыйналышта сүйлөшүлгөн эрте шайлообу же коалициябы?»-деген суроого Шахин: -«Бул суроого ушул убакта жооп бере албаймын. Анкени бул темадагы баа берүү иштерибиз уланып жатат»-деп жооп берди.
Бир тараптан бүгүн кечинде президент Режеп Таййип Эрдоган АК партиянын жетекчиси жана өкмөт башчы Ахмет Давутоглун Президенттик сарайда кабыл алат.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар