Түркияда парламенттик шайлоо өттү

Шайлоодо Адилеттик жана өнүгүү партиясы добуштардын 40,86 пайызына ээ болуп, жеңип чыкты.

296220
Түркияда парламенттик шайлоо өттү

25-сессиянын эл өкүлдөрүн шайлоодо саясий партиялардын добуш катнаштары жана эл өкүлдөрүнүн сандары белгилүү болду.
Шайлоодо Адилеттик жана өнүгүү партиясы добуштардын 40,86 пайызына ээ болуп, жеңип чыкты.
Катышуу 86 пайыз болгон шайлоонун расмий болбогон жыйынтыктарына караганда добуштардын партияларга жараша бөлүшүлүшү мындай:
Адилеттик жана өнүгүү партиясы- 40,86 пайыз,
Жумурият элдик партиясы – 24,96 пайыз,
Улуттук кыймыл партиясы- 16,29 пайыз,
Элдердин демократиялык партиясы- 13,12 пайыз,
Буга ылайык Адилеттик жана өнүгүү партиясы 258, Жумурият элдик пратиясы 132, Улуттук кыймыл партиясы 80, Элдердин демократиялык партиясы 80 эл өкүлүнө ээ болду.
Бул жыйынтыктарды алып карасак эч бир партия өзү жалгыз өкмөт түзө турганчалык жетиштүү сан болгон 276 орундукка ээ боло алган жок.
Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гүвен, так шайлоо жыйынтыктарынын каршы чыгуу арыздары менен мөөнөттөрү эске алынганда 11-12 күндөн кийин жарыялана турганын белгилеп, жыйынтыктардын өлкөгө пайдалуу болушун тиледи.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар