Давутоглу шайлоо жыйынтыктарына баа берди

Давутоглу шайлоо жыйынтыктары Түркиянын омурткасынын Адилеттик жана өнүгүү партиясы болгонун көрсөткөнүн белгиледи.

296116
Давутоглу шайлоо жыйынтыктарына баа берди

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Parti)башкы борборунда элге салам берүү сөзүн сүйлөп, шайлоонун жыйынтыктарына баа берди.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын дагы бир жолу дастан жазганын айткан Давутоглу, «Адилеттик жана өнүгүү партиясы, бул шайлоонун жеңүүчүсү жана биринчиси болду. Эч ким утулган шайлоодон жеңиш чыгарууга аракеттенбесин. Ар ким өз эсебин кылышы керек»-деди.
Элдин чечими акыркы чечим болгонун белгилеген Давутоглу, «Бул чечимге урмат сый көрсөтүү бардык тараптар үчүн зарылдык болуп, элдин талабы орундатылат»-деп айтты.
Өкмөт башчы улуттун чыгышы менен батышын бириктирүүнү уланта тургандарын белгилеп, шайлоо жыйынтыктары Түркиянын омурткасынын Адилеттик жана өнүгүү партиясы болгонун көрсөткөнүн белгиледи.
Давутоглу: «Улутубуз эркиндик менен жашоосу керек жана келечекке ишеним менен карашы керек. Анткени улуттун омурткасы Адилеттик жана өнүгүү партиясы кызматын улантууда жана улантат»-деди.
Давутоглу тынчтыкка жана ырааттуулукка зыян тийгизилишине эч качан уруксат бербей тургандарын билдирди.
Өкмөт башчы жаңы конституция үчүн да бардык партияларга: «Эркиндикчил, адамды сыйлаган, келечекке жана өнүгүүгө бардык жаштарды жакшы даярдаган жапжаңы конституция үчүн кыймылга өтөлү деген чакырык салуудабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар