Сириялык түркмөндөр Түркия тууралуу билдирүү жасашты

Сириялык түркмөндөр : «Кудай Түркиядан жана түрк улутунан ыраазы»

293785
Сириялык түркмөндөр Түркия тууралуу билдирүү жасашты

Сирияда Байырбужак түркмөн командирлеринен Эбу Фадыл осмондуктан кийин Байырбужак түркмөндөрүнө ээ чыккан бир гана кишинин Мустафа Кемал Ататүрк экенин, андан кийин да өздөрүнө Р. Т. Эрдогандын кол узатканын айтты.
Түркиянын өздөрүнө жардам берүүсүн кээ бир чөйрөлөрдүн муну кабыл алышпагандарын айткан Фадыл Байырбужак түркмөндөрү катары буга капаланышкандарын белгиледи. Фадыл : «Биз, кимден жардам сурамак элек, Кудайдан жана Түркиядан башка кимибиз бар»,- деди. Аймактын стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгилеген Фадыл : «Баарынын көзү жерде. Түркмөн тообуз күн өткөн сайын абадан жана кургактыктан бомбаланууда. Мечиттер, үйлөр, мектептер жер менен жекесен болду. Кээ бир үй – бүлөлөр толугу менен жок болду»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар