ТЖГ Гедиз фрегаты Японияда

«Эртугрул» фрегаты 125 жыл мурда чөккөн жерде якорь таштаган ТЖГ Гедизге эл чоң кызыгуу көрсөттү

291984
ТЖГ Гедиз фрегаты Японияда

ТЖГ Гедиз фрегаты Эртугрул фрегатынын Япония сапарынын 125 - жылдыгына арнап чыккан тарыхый сапарынын акыркы аялдамасы болгон Япониянын Кушимото жээктерине жетти. "Эртугрул" фрегаты 125 жыл мурда чөккөн жерде якорь таштаган ТЖГ Гедизге эл чоң кызыгуу көрсөттү.
Түрк согшутук кемеси 1 - апрелде Мармаристен башталган тарыхый сапарында Карачи, Мумбаи, Гонконг, Куала-Лумпур жана Пусан сыяктуу маанилүү порттор да араларында болгон 8 өлкөнү зыярат кылды.
Тарыхый сапардын акыркы аялдамасына жеткен ТЖГ Гедиз 125 жыл мурун Эртугрул фрегатынын багыты менен келген Кушимитодо Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек жана Япониянын принци Акико Жоу да катышкан эскерүү иш чараларын өткөрөт. Кемеде боло турган салтанаттан кийин деңизге гүлдөр ташталат, түрк музейи жана аймактагы Ататүрк айкели зыярат кылынат.
Иш чаралардын негизинде эркин чумкуу боюнча дүйнө рекордсмени улуттук спортсмен Шахика Эржүмен осмондук кемеси «Эртугрул» фрегатынын чөгүүсүнүн 125 жылдыгы үчүн чумкуйт. Улуттук спортсменди түрк жана япон деңиз күчтөрү коштойт.
Осмондук императору 2 - Абдулхамид 1887 - жылы Япониянын императору Комеинин жээнинин Стамбулду зыярат кылуусунан кийин бул өлкөгө делегация жиберип зыярат кылуусун буйрук кылган. Бул иш үчүн деңиз флотунун эң кооз кемеси «Эртугрул» фрегаты бөлүнгөн. Кеме 1890 - жылы 7 - июнда барган Йокохама портунан 1890 - жылы 15 - сентябрда чыккан. Кушимото жакындарында тайфунга учураган «Эртугрул» фрегаты 1890 - жылы 16 - сентябрда таштарга урунуу менен чөккөн. Кырсыктан 69 деңизчи гана куткарылып, 587 кишилик экипаж каза болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар