Түркиядан Албания армиясына жардам

Түрк куралдуу күчтөрүнөн Албания куралдуу күчтөрүнө 27 аскердик унаа жардам берилди

292284
Түркиядан Албания армиясына жардам

Түркия менен Албаниянын ортосундагы финансылык жана аскердик кызматташтык келишиминин негизинде Түрк куралдуу күчтөрүнөн  Албания куралдуу күчтөрүнө 27 аскердик унаа жардам берилди.
Коргонуу министрлигинде өткөрүлгөн аземде Албаниянын коргоо министри Мими Кодхели Түркиянын Тиран элчиси Хидайет Байрактар Түркиянын Тиран аскердик аташеси полковник Низаметтин Догар аскердик жана башка жетекчилер катышты.
Албаниянын коргоо министри Кодхели сүйлөгөн сөзүндө Түрк куралдуу күчтөрүнүн Албания куралдуу күчтөрүнө жыл сайын белгилүү аралыктар менен ар башка аскердик материал жана ок – дары жардамын бергенин белгилеп, жасалган жардамдардын Албания куралдуу күчтөрү үчүн «маанилүү» жардам экенин баса белгиледи.
Дүйнөдө күч алып жаткан радикализмге бөгөт болуу үчүн эки тараптуу кызматташтыктын маанисине көңүл бурган Кодхели Түркия менен карым – катнаштарынын аймактык эмес глобалдык мааниге ээ экенин белгиледи.
Элчи Байрактар да Түрк куралдуу күчтөрүнүн керек болсо НАТО чатыры астында керек болсо эки тараптуу деңгээлде Албания куралдуу күчтөрү менен жакын кызматташтык ичинде экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар